Балыкчы – Каракол унаа жолунда болгон кырсыктан үч адам жабыркап, бир жүргүнчү каза тапты

18 сентябрь 2017 14:15 308 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл областынын Тоң районунда, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 91-чакырымында кечээ, 17-сентябрда саат  13.45те жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.   

Ведомстодон кабарлашкандай, кырсыктан үч жүргүнчү жабыркап, бир адам ооруканага алып бара жаткан жолдо каза тапты.

«Фольксваген Пассат» жана «Лексус RX 300» унаасы кагылышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content6394



Добавить комментарий