Талас областында түн ичинде белгисиз адамдар Сооронбай Жээнбековдун баннерин тытып кетишкен
Бөлүшүү:
Кечээ, 17-сентябрда Талас областынын Манас айылында түн ичинде белгисиз адамдар презиентикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун үгүт баннерлерин тытып кетишкен. Бул тууралуу соцтүйүндөрдө райондун жашоочулары кабарлашты.
Белгисиз адамдар Талас-Тараз жолун бойлото жайгашкан үч баннерди тытып салышкан.
Баннер бийик тагылгандыктан аны алыш үчүн атайын техника керек.
“Буга атайын эле күчтөр тартылышы ыктымал, бейбаштар баннерди тытыш үчүн атайын техниканы айдап барышмак эмес”,-деп белгилешти колдонучулар.
Barоmetr.kgге райондук администрациядан кабарлашкандай, учурда милиция бул ишти жасаган адамдарды издеп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content6391
Добавить комментарий ×