Осмонбек Артыкбаев, ЖКнын депутаты: «Ар бир адамды сапаттуу медицина менен тейлөө зарыл”»
Бөлүшүү:
“СДПК” фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев бүгүнкү Жогорку Кеңештин өкмөттүн саатында медициналык реформа жасоону өкмөткө сунуштады. “Биз өкмөттөн медицина тармагына чоң суммадагы акчаларды бөлөбүз. Бирок медицина маселеси таптакыр чечилген эмес. Эл аралык тажырыйбаларга карап реформа жасаса болот. Реформага батыраак кадам коюп жасасаңыздар жакшы болмок. Медициналык камсыздоо тармагын дагы карасаңыздар жакшы болот эле. . Доктурлардын айлыгын көтөрүү керек. Ар бир адамды сапаттуу медициналык тейленүүсү зарыл”-деди Эл өкүлү.
Ссылка: https://barometr.kg/content639
Добавить комментарий ×