Ош областында өспүрүмдөр аварияга кабылды, эки окуучу кыз каза тапты
Бөлүшүү:
Ош областында болгон аварияда мектепте окуган эки кыздын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда областтык милициядан кабарлашты.
Жол кырсыгы 17-сентябрда Чоң-Алай районунун Карамык айылында саат 16.30да болгон. 17 жаштагы өспүрүм Lexus RX унаасын айдап бара жатып рулду башкара албай калган жана унаа ала салып кеткен. Салондо төрт окуучу кыз болгон. 9 жаштагы жана 16 жаштагы эки кыз каза тапты. Дагы эки кыз ооруканага жеткирилди.
Учурда милиция ишти иликтөөдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content6388
Добавить комментарий ×