Темир Сариев Россия менен кош жарандыкты сунуштай коем деп катуу сынга кабылды

18 сентябрь 2017 13:39 1262 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары Россия мнен кош жарандуулук демилгесин сунуштаган президентикке талапкер Темир Сариевди сынга алышууда. 

Белгилей кетсек, буга чейин Темир Сариев президент болуп шайланып калса Россия менен кош жарандык маселесин чечүүнү убада кылган.  

Парламенттин экс-депутаты Равшан Жээнбеков  бул демилге мамлекеттин кызыкчылыктарына карама-каршы келет деп эсептейт.

“Кош жарандык сунуш кылган кандидаттар - саткындар! Билип койгула! Тарых баарын таразалайт”,-деп жазды ал.

Ссылка: https://barometr.kg/content6386



Добавить комментарий