Ош шаарынын мэри өлкө чемпиону “Алай” футболдук командасын чемпиондук наамы менен куттуктады
18-сентябрь күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев өлкөнүн чемпиону “Алай” футболдук клубунун вице-президенти Сейитбек Аматовду, оюнчуларды жана машыктыруучуларды кабыл алды.
А.Кадырбаев команданын курамын быйылкы жылы да мөөнөтүнөн мурда чемпион болушу менен куттуктап, жалпы шаардыктардын атынан ыраазычылык билдирди.
-“Ош шаарынын «Алай» футбол клубунун оюнчулары алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн футбол клубдарынын катарын толуктап, татыктуу оюндарды көрсөтүп жаткандыгы биз үчүн өзгөчө сыймыктуу.
“Алай” 2013-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу чемпиондук титулду жеңип, андан кийин 2015-2016- жылдары катарынан Өлкөбүздүн чемпиону аталды. Чемпион болуш кыйын, ал эми чемпиондук наамды сактап калыш андан кыйын экендигин баарыбыз жакшы билебиз. Намыска жарап, чемпиондук наам үчүн ат салышкан баардык командаларды артка калтырып быйыл, 2017-жылы дагы чемпиондукту багындырып олтурасыздар. Бул спорттук жеңишиңиздер үчүн жалпы шаардыктардын жана күйөрмандардын атынан сиздерге чоң ыраазычылык билдирем.
Алдыда сиздерди Кыргызстандын кубогу үчүн болгон мелдеш күтүп турат. Бул мелдеште да “Алай” командасы өзүнүн жеңиши менен жалпы күйөрмандарын кубантат деп терең ишенүү менен ийгилик каалайм.
Шаардын мэриясы мүмкүн болушунча клубду камкордукка алуунун, каржылоону көбөйтүүнүн аракеттерин көрүп келе жатат. Быйылкы жылы шаардык бюджеттен 20 млн сомго жакын акча каржаты бөлүнгөн. Бул аракетибиз мындан ары да улана берет. Учурда курулуп жаткан Футбол Академиясынын бүтүшү менен келечекте дүйнөгө атагы чыккан футболчулар дал ушул биздин Ош шаарынан чыгып, «Алайды» атына жараша, эң мыкты клубга айландыраарына ишенич чоң”,-деди шаар мэри.
Жолугушуунун жүрүшүндө, “Алай” командасы шаар мэрине жеңишти алып келген топко кол тамгаларын түшүрүп, белекке беришти.
Эске салсак, кечээ 17-сентябрь күнү “Алай” футболдук командасы А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо Канттын “Абдыш-Ата” командасын кабыл алып оюн 1:1 эсебинде жыйынтыкталган. Бул жыйынтык Айбек Татановдун командасына 41 упай алып келип, мөөнөтүнөн мурда өлкө чемпиону аталышты.
Ссылка: https://barometr.kg/content6384
Добавить комментарий ×