Сооронбай Жээнбеков: Акталаалыктар үчүн Нарын-Баетов көчөсүн асфальттоо башкы көйгөйлөрдүн бири болуп санал

18 сентябрь 2017 10:36 570 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Акталаалыктар үчүн азыркы тапта Нарын-Баетов көчөсүн асфальттоо башкы көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Андан тышкары, Нарын дарыясындагы дамбаны калыбына келтирүү, суу тосмосун куруу, таза ичүүчү суу менен камсыздоо – бул маселелердин чечилишин мен жеке көзөмөлүмө алам, деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушуу учурунда.

Ал өлкөнүн бардык райондорунун борборунда, анын ичинде Ак-Талаа районунда ички жолдордун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-чаралар өткөрүлөт. «Быйыл ички республикалык жолдорду оңдоо үчүн алгачкы ирет республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп берилди. Бул максаттарга 730 млн сом жумшалат. Бул багыттагы иштер улантылат. 2016-жылы жалпы өлкө боюнча жалпысынан 230 км жол курулду. Аны каржылоого 4,5 млрд сомго жакын каражат чыгымдалды», - деп маалымдады талапкер.

Ал премьер-министр кезинде бул районго келип кеткенин эске салды. «Менин тапшырмам боюнча «Акталчат-Казарман» автожолунун тилкесиндеги көпүрөнү реконструкциялоо үчүн 50 млн сом бөлүнүп берилген. Бардык зарыл болгон курулуш иштери жакын арада аягына чыгарылат жана аталган көпүрө боюнча транспорт байланышы кайрадан жанданат», - деди Сооронбай Жээнбеков.

 

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү. 

Нускасы  1 даана. Чыгарылган күнү: 18.09.2017 ж.

Ссылка: https://barometr.kg/content6374



Добавить комментарий