МКК: Добуш бериш үчүн эски ID-картаны биометрикалык паспортко алмаштырууну кажети жок

16 сентябрь 2017 15:13 441 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Үгүт өнөктүгүнүн башталышы менен айрым талапкерлердин үгүтчүлөрү шайлоочуларды өздөрүнүн ID-карталарын биометрикалык паспортторго алмаштырууга чакырышууда, мындай болбогон учурда алар добуш бере албайт дешүүдө.

 Ошондой эле шайлоочулар дагы Мамлекеттик каттоо кызматына (МКК) эмне үчүн үгүттөөчүлөр алардын персоналдык идентификациялык номерлерин чогултуп жатышат деп кайрылган учурлар көп болууда. Буга байланыштуу МКК добуш бериш үчүн эски биометрикалык картаны биометрикалык паспортко алмаштыруунун кажети жок экенин билдирет. Шайлоочу эски жана жаңы паспорттору менен дагы барып добуш бере алат. Эч кандай айырмачылык жок. Ошондой эле МКК бир дагы үгүтчүгө паспорттун копиясын же болбосо ПИН номерди берөөнү эскертет. Мунун баары мыйзамга каршы келет.        

Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматы паспорт көчүрмөлөрү менен ПИН номерлерди чогултуу пайдасыз иш экенин бул талапкерге көмөк бербей турганын билдирет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6348



Добавить комментарий