Өзбек президенти кыргыз жарандарына мамлекеттик сыйлык берди
Бөлүшүү:
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз активисттерине мамлекеттик сыйлык ыйгарды. Өлкөнүн Республикалык интернационалдык маданий борборунун 25 жылдыгына карата чыккан жарлыкка ылайык улут аралык ынтымакты, биримдикти бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ар улуттагы ондогон активистке мамлекеттик наам, орден жана медалдар тапшырылды. Андижандагы кыргыз улуттук маданий борборунун активисти, Жалакудук районундагы №27 мектептин директору Үмүткан Маматалиевага "Достук" ордени, ал эми Ферганадагы "Сулуу кыз" ансамблинин көркөм жетекчиси, №25 орто мектептин мугалими Нуртажи Халибаевага "Даңк" медалы ыйгарылды. Бул тарыхта болбогон иш.
Ссылка: https://barometr.kg/content631
Добавить комментарий ×