Бишкекте ремонттоо иштеринен соң сегиз көчө унаа кыймылы үчүн ачылды
Муниципалдык «Бишкекасфальсервис» ишканасы берген маалыматка таянсак, учурда шаардын сегиз көчөсүндө ремонттук иштер бүткөрүлүп, унаа кыймылы үчүн ачылды.
1. Ш. Баатыр көчөсү Исакеевден Кийизбаев көчөсүнө чейин.
2. Литовская көчөсү Кийизбаевден Ш. Баатыр көчөсүнө чейин.
3. Гроздь айылындагы шаардык жаңы көрүстөнгө чейинки жол.
4. Безымянная көчөсү Тыналиевден №95 мектепке чейин.
5. Жаманбаев көчөсүТынчтык проспектисинен Ш. Руставелиге чейин.
6. Жал кичи районундагы Безымянная көчөсү Ахунбаевден №72 мектепке чейин.
7. №11 кичи райондогу Куттубаев көчөсүндөгү үйлөрдү бойлой өткөн көчө.
8. Жал кичи районунда Тыналиевден Курчатов көчөсүнө чейинки жол.
«Бишкекасфальтсервис» линиясы аркылуу 2017-жылга шаардык казынадан жалпы узундугу 56,4 чакырым Бишкектин 56 көчөсүнө капиталдык ремонт жүргүзүү пландалган. Бүгүнкү күндө шаардын 47 көчөсүндө реконструкция уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content6303
Добавить комментарий ×