Башкы прокуратура Транспорт министрлигинин чиновниктерине карата кылмыш ишин козгоду

14 сентябрь 2017 13:02 544 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Башкы прокуратура Транспорт жана жолдору министрлигинин кызмат адамдарына Кылмыш кодексинин 304-306-беренелеринде каралган (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мамлекеттик сатып алууда  КРнын кызыкчылыгына каршы келген келишимдерди түзүү) кылмыш белгилери боюнча иш козгоду. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.   

Текшерүүнүн жүрүшүндө Транспорт жана жолдор министрлиги Россия тарабынан колдоо үчүн бөлүнгөн каражатка компьютерлерди жогорулатылган баада сатып алганы аныкталды. Тактап айтканда министрлик 826,2 миң долларга компьютердик техникаларды жана жабдыктарды сатып алган.

Келишим түзүүдө министрликтин жумушчу комиссиясы мыйзамдын талабын бузуп “бир булактан” сатып алуу ыкмасын колдонгон. Жабдыктардын наркы базар баасынан бир топ жогорулатылган. Мамлекетке келтирилген чыгымдын көлөмү 16 млн. 851,14 миң сомду түзгөн.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6270



Добавить комментарий