2016-жылдын эсебинен өлкө жарандарынан өкмөткө 6889 кайрылуу келип түшкөн

24 январь 2017 17:14 581 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Карапайым калк өкмөткө кат аркылуу көйгөйлөрүн айтып  арызданат. Мына ушундай арыздардын саны бир жылда 6989 болуп эсептелген. Мындай маалыматты өкмөттүн сайты кабарлады. Маалыматта:

“2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына өлкө жарандарынан 6989 кайрылуу келип түшкөн. Анын 5272си – жазуу түрүндө, ал эми 1717си оозеки кайрылуу болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинин жеке кабыл алуусунда 459 жаран кабыл алууда болгон.

 

Негизинен келип түшкөн кайрылуулар төмөнкү маселелер боюнча:

 

- турак-жай маселесин чечүү 470 (8,9%);

 

- социалдык кызматтын иши, пенсия, жеңилидктер, жөлөкпулдар жана материалдык көмөк көрсөтүү тууралуу маселеле – 443 (8,4%);

 

- эмгекке оноштуруу, эмгек жана айлык акы боюнча талаштуу маселелер – 354 (6,7%);

 

- жеке кабыл алуу – 342 (6,42%);

 

- агроөнөр-жай комплекси, мелиорация, дыйкан жана фермердик чарбалар – 321 (6,09%);

 

- билим берүү жана илим – 306 (5,8%);

 

- ички иштер органдарынын иши – 225 (4,27%);

 

- саламаттык сактоо – 215 (4,08%).

 

Жарандар негизинен турак-жай жана жер тилкесин алуу, социалдык жана материалдык көмөк көрсөтүү, анын ичинде дары-дармек алуу жана кымбат баадагы операцияларды өткөрүү маселеси боюнча кайрылышкан.

 

Төмөнкү аймак тургундарынан көптөгөн кайрылуулар келип түшкөн:

 

- Бишкек ш. – 1872 (35,51%);

 

- Чүй облусу – 831 (15,76%);

 

- Жалал-Абад облусу – 604 (11,46%);

 

- Ош облусу – 524 (9,94%);

 

- Нарын облусу – 387 (7,34%);

 

- Ысык-Көл облусу – 386 (7,32%);

 

- Ош шаары – 263 (4,99%);

 

- Баткен облусу – 209 (3,96%);

 

- Талас облусу 152 (2,88%).

 

Ошондой эле төмөнкү кайрылуулар каралган:

 

- Кыргыз Республикасынын  Президентинин Аппаратынан – 238;

 

- Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинен – 896;

 

- Кыргыз Республикасынын  Премьер-министринин коомдук кабыл алуусунан – 987;

 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн www.gov.kg расмий ссайтына жана www.kattar.kg жарандардын кайрылуу интернет-порталына келип түшкөн кайрылуулар – 1028;

 

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин өлкө аймагы боюнча жумушчу сапарларынын учурунда келип түшкөн кайрылуулар – 30;

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабыл алуусунун «0312-62-53-85» ишеним телефонуна 1264 телефон чалуулары келип түшкөн;

 

Бардык кайрылуулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрү тарабынан каралган, анын айрымдары боюнча көтөрүлгөн маселелерди иликтөө жана келтирилген фактыларды текшерүү үчүн жумушчу топтор түзүлгөн”-деп айтылат. 

Ссылка: https://barometr.kg/content627



Добавить комментарий