Боконбай Казаков Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды
Бөлүшүү:
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык Казаков Боконбай Джаныкеевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Казаков Боконбай 1972-жылы 1-апрелде Бишкек шаарында туулган. Жогорку юридикалык билимге ээ, 1994-жылы Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн. Кесиби: укук таануу. АЛ УКМКда, Башкы прокуратурада, президенттик аппаратта эмгектенип, иш тажырыйбага ээ.
Ссылка: https://barometr.kg/content6269
Добавить комментарий ×