Нурлан Дюшембиев Башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды
Бөлүшүү:
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык Дюшембиев Нурлан Касымбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Нурлан Дюшембиев 1965-жылы 5-октябрда Ысык-Көл областынын Каракол шаарында туулган. Жогорку юридикалык билимге ээ, 1995-жылы Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн. Аскер прокуратурасында жана Башкы прокуратурада эмгектенип, чоң тажырыйбага ээ.
Ссылка: https://barometr.kg/content6268
Добавить комментарий ×