Буга макулсузбу? Депутат Тазабек Икрамов окуучуларга мектепте смартфон колдонууга тыюу салууну сунуштады
Депутат Тазабек Икрамов окуучулар мектепте жүргөн учурда жөнөкөй гана телефон колдонгону жакшы, - деп сунуштоодо. Бул тууралуу пикирин билдирген эл өкүлү “Парламент” радиосунун угармандары менен жолугушту.
Өз сөзүндө депутат, - мектепке барган балдардын сабакка катышып-катышпагандыгы тууралуу маалыматты мугалимдер ата-энелерге атайын SMS билдирүүлөр аркылуу, же ватсаптагы атайын тайпалар аркылуу кабарлап турганы жакшы болмок, -дейт.
Кыргыз-түрк лицейлери болсо эбактан бери эле окуу учурунда балдардын уюлдук телефон колдонуусуна эч кандай уруксаат бербейт. Бул жеке менчик мектептин чыгарган чечими. Башка мектептер үчүн деле бул шартты колдонсо пайдасынан башка зыяны тийбес эле, - дейт ИИМдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Марат Сапаев “Парламент” радиосунун түз эфиринде.
Ошондой эле ИИМдин өкүлү, - балдардын кымбат баадагы телефон көтөрүп жүрүшү кылмышка шыкак берген учурларды жаратаарын кошумчалады.
Ал эми сабактарына барбай, орто жолдон интернет –клубдарга кетип калып жаткан балдар боюнча да иштер жүрүп жаткандыгын айткан М.Сапаевдин белгилешинче, бул багытта жүргүзүлгөн рейддин негизинде республика боюнча 2 миң бала аныкталган.
“Камкор энелердин клубу” долбоорунун пиар –менеджери Мадина Нурадин кызынын айтымында, азыркы тапта россиялык программанын негизинде балдардын коопсуздугун камсыздап, ошол эле учурда алардын кажети жок сайттарга киришине тоскоолдук жараткан долбоор иштелип чыгууда. Аны колдонууну каалагандар балдардын кайсыл интернет-порталдарды колдонуп жатышкандыгынан, кооптуу аймактарга туш болуп калуусунан коргоочу белгилерге ээ болуп, убак-убагы менен маалымат алып турушат. Белгисиз чалуулар боюнча да билдирүүлөр ата – энелердин телефонуна кабарланат. Сунушталып жаткан кызмат аркылуу милиция кызматкерлеринен, психологдор менен логопеддерден акысыз кеп-кеңештерди да алып туруу укуктарынан пайдалана алышат.
Ссылка: https://barometr.kg/content6266
Добавить комментарий ×