Осмонбек Артыкбаев: Биз өзүбүздүн улуттук баалуулуктарыбызды баалай билишибиз керек
Жакында улуттук маданиятыбызда, анын ичинде кинематография тармагында дагы бир жагымдуу окуя болду. Биз баарыбыз жаӊыдан тартылган «Саякбай» кинотасмасынын бетачарына көбө болдук. Ага улай, нукура улуттук философияга сугарылган «Саякбай» кинофильми Канадада өткөн киносынактын баш байгесин утуп келди. Бул тууралуу депутат Осмонбек Артыкбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдиргенин парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
«Биз өзүбүздүн улуттук баалуулуктарыбызга өзгөчө көӊүл буруп, сактай жана баалай билишибиз керек. Баарын коюп, макал-ылакаптарыбызды эле алып көрөлү, аларда Конфуций менен Канттан кем эмес чыныгы элдик тереӊ философия камтылган. Аларды кеӊири алып чыгып, дүйнөгө таанытууга тийишпиз. Ошондо кыргыз элинин даанышмандыгы тууралуу маалымат алышат», - дейт депутат.
Ссылка: https://barometr.kg/content6264
Добавить комментарий ×