Президент Талас шаарындагы театрындын имаратынын курулушуна 45 млн сом бөлдү

14 сентябрь 2017 12:24 597 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Талас облусунун Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы драма театрынын имаратынын курулушун аяктоого жана зарыл жабдууларды сатып алууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине финансылык колдоо көрсөтүү үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 45 000 000 (кырк беш миллион) сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Тиешелүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койду.

   

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6261



Добавить комментарий