Бүгүн Бишкекте «Антиконтрафакт-2017» эл аралык форуму башталды
Бүгүн, 14-сентябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо, анын ичинде өнөр жай азыктарын, мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы көйгөйлөрүнө арналган «Антиконтрафакт-2017» V Эл аралык форуму өз ишин баштады.
Форумдун уюштуруучулары болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Евразия экономикалык комиссиясы, Россия Федерациясынын өнөр жай жана соода министрлиги жана «Антиконтрафакт» Эл аралык ассоциациясы эсептелет.
Форумдун ишине мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ЕАЭБ курамына кирген мамлекеттердин жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн бизнес жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катышууда. Жалпы болуп Форумдун катышуучулары 500 болсо, алардын 300 чет элдик катышуучулар түзмөкчү.
«Антиконтрафакт» форуму ЕАЭБ алкагында борбордук сүйлөшүү аянты болуп калды. Ал жерде министрликтер менен ведомстволордун, ири компаниялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү илимий коомчулуктун жана башка ушул тармактардан келген өкүлдөр интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо, анын ичинде өнөр жай азыктарын, мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы көйгөйлөрдү талкуулашат.
Форумдун алкагында бажы жана техникалык жөнгө салуу сертификация маселелери, кадрдык потенциалды түптөө, ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо, анын ичинде өнөр жай азыктарын, мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы көйгөйлөрү тууралуу мыйзамдуулукту горманизациялоо маселелери каралат.
Ссылка: https://barometr.kg/content6259
Добавить комментарий ×