Елисеев: Кыргызстан ансыз деле Россиянын колониясы бойдон калат! Анткени өзүнүн тилин сыйлабайт
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинанын орус тилине мамлекеттик тилдин статусун берүү тууралуу сунушу анын дарегине өтө көп сын-пикирди пайда кылды. Кыргызстандын көпчүлүк жарандары анын идеасына каршы чыгышты. Кыргызстандыктардан тышкары депутаттын айтканына чуулгандуу ысымдары менен белгилүү болгон жарандар да реакция жасашты.
Негизинен социалдык түйүндөргө Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жактоочусу Алексей Елисеев өзүнүн көз карашын билдирди. Ал кыргыз тили жарандар оздөрү тилин сыйламайынча өнүкпөйт деген оюн айтты.
“Киргизия Россиянын колониясы боюнча келе жатат! Эгерде сиздерде жеке өзүңөрдүн тилиңерди сыйлоо жок болсо кандайча мамлекеттүүлүк тууралуу айтса болот. Ачык айтсам мен Кыргызстанда жашагам жана кыргыз тилин үйрөнөйүн деп ойлоп да койгон эмесмин. Анткени кереги да жок болчу (ал тургай парламентте мыйзамдар баары орусча жазылып жана мамлекеттик тилге сабатсыз которулчу). Экинчиден ал жакта орустарды эч ким кыргыз тилине окутусу келчү эмес. Методика деген жок. Окуу куралдары эски. Орустардын кыргызча билгени бар болсо демек ал кичине кезинде тоодо өскөн дегенди түшүндүрөт. Латвияда абдан сонун кылып латыш тилин үйрөнсө болот. Алар ал тургай бекер үйрөтөт. Кыргыз тилин ким бекер үйрөтүп жатыптыр?”,-деп жазды Елисеев.
Ссылка: https://barometr.kg/content6242
Добавить комментарий ×