Өкмөт: Жазы-Кенч фирмасы кен казуу иштерин токтотту
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Кыдыралиев Умбеталы атайын Жалал-Абад облусунун аймагында жер казынасын колдонуу жаатында мыйзам бузуулар тууралуу, Таш Көмүр ГЭСинен кийинки иштешине коркунуч туудурган Аксы районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу дарыясынын жээгинде Көк-Кыя жана Капчыгай аймактарында мыйзамсыз алтын казып алуу фактылару боюнча маалымат берип видео сюжет көрсөттү. Депутаттын мындай сунушунан кийин Өкмөттүн Өнөр жай энергетика жана жер казынасы комитетинин Төрагасынын орун басары Сапаралиев Азиз Эл өкүлүнүн маалыматынан кийин сөз алып сүйлөп Жазы-Кенч ишканасы мыйзам бузуулар менен иш алып баргандыктан өзүнүн ишин токтотуп, лицензиясы тартылып алынганын маалымдады.
Ссылка: https://barometr.kg/content624
Добавить комментарий ×