Мосул шаары согушкерлердин колунан бошотулду
Атайын агенттиктин билдиргенине караганда Ирактын коргоо министрлигинин расмий билдирүүсүндө, ирактык куралдуу күчтөр Моусулдун чыгыш тилкесин толук бошотууга жетишкенин кабарлаган.Эми бул тууралуу өкмөт башчы Хейдар Альабадинин расмий жарыялоосу күтүлүүдө. “Ассумария” каналы Ирактын коргоо министрлигинин расмий билдирүүсүн берип, ИШИМ террордук топтору ирактык аскерлер менен салгылашууда оор жоготууларга учурашканын кабарлаган. Кабардын уландысында азыркы тапта бошотулган жайларды бомба жана миналардан тазалоо иштери жүрүп жаткандыгы айтылат. Ошондой эле террорчулардын жаңы кол салуусун алдын алуу даярдыктары көрүлүп жаткан учур. Ал эми бүгүн Ирак армиясы Моусулдун чыгышында жайгашкан “Аррашийдия” качышып, Раккага көчүп кетүүгө чамынышкан. ИШИМ колунан чыгарган акыркы аймак катары бошотууга үлгүрүштү. Белгилей кетсек, Ирак армиясы эми Моусулдун акыркы батыш тилкесин бошотууга камданышууда. Бул аймактар чыгыш тарапка караганда көлөмү жагынан чаканыраак келет. Анын үстүнө ИШИМчилер мурдагыдай алдуу-күчтүү да эмес. Алардын көбү чыгыштан батышты көзөй качышкан болсо, айрымдары Сириянын чектеринде баш калкалап жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/content623
Добавить комментарий ×