Бишкекте туура эмес токтотулган унаалардын дөңгөлөктөрү блокко салынат
Бөлүшүү:
Бишкекте туура эмес жерге унаа токтоткондорго чара күчөтүлөт. 20-сентябрдан баштап мындай унаалардын дөнгөлөктөрүнө блокиратор коюлат, бара-бара бул бүтүндөй Кыргызстандын аймактарында ишке ашырылат. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда ИИМдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгынын кайгуул милициянын ишмердигин көзөмөлдөө боюнча башчысы Нур Сатыбалдиев билдирди.
Анын айтымында учурда, унааларды каалаган жерге токтотуп салышууда.
«Блокиратор автоматтык түрдө дөңгөлөккө чапташтырылат, андан кийин аны өз алдынча алып салууга мүмкүн эмес. Маңдайкы айнекке расмий, мамлекеттик жана англис тилинде стикерлер калтырылат”,-деп түшүндүрдү Сатыбалдиев.
Ссылка: https://barometr.kg/content6226
Добавить комментарий ×