Кыргызстан Казакстандай болуп латын тамгасына өтүүнү пландаган жок

13 сентябрь 2017 14:30 368 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Кыргызстан жакын арада башка өлкөлөрдөй болуп латын тамгасына өтпөйт. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башчысы Назаркул Ишекеев бүгүн парламенттин жыйынында билдирди.

 “Бир катар өлкөлөр анын ичинде биздин коңшулар латын тамгасына өтүүнү пландап жатат. Кыргызстан да латын арибине өтүүнү пландаган жокпу?”,-деп сурашты депутаттар.

 “Латын тамгасына өтүш үчүн аз эмес каражат талап кылынат, биз азырынча өтпөйбүз”,-деп жооп узатты Ишекеев.

Буга чейин коңшу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кириллицадан латын тамгасына өтүүнү тапшырган. 

Ссылка: https://barometr.kg/content6222



Добавить комментарий