Жоголуп кеткен 20 жаштагы кыз ооруканадан табылды
Дайынсыз жоголуп жаткан 20 жаштагы Ататүрк-Ала-Тоо университеинин студенти Туратбек кызы Дильфуза табылды. Ал жаракат алып ооруканага жаткан.
«Альхамдулиллах! Карындашымды шаардагы ооруканалардын биринен таптык, ал жаракат алып бул жерге түшкөн. Эми абалы жакшы”,-деп билдирди кыздын агасы.
Эскерте кетсек, Бишкекте кечээ, 12-сентябрда эл аралык “Ататүрк Ала-Тоо” университетинин жыйырма жаштагы студенти Туратбек кызы Дильфуза жоголгон
Туугандарынын айтымында, Дильфуза болжол менен түнкү 03:15те Бишкектеги Панфилов 188/2 дарегинде жайгашкан үйдөн чыгып кеткен.
Кетип жатканын эч кимге айткан эмес, баары уктап жатканда кеткен. 06.00да турган туугандары аны эртең менен издеп таппай калышкан, телефону өчүрүлгөн, акыркы 2 күндө университетке барбаганы белгилүү болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/content6221
Добавить комментарий ×