Биздин режиссёрлордун тасмасы Францияда көрсөтүлөт

24 январь 2017 13:43 552 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Францияда өтө турган Азия кинолорунун Эл аралык фестивалына эки кыргыз киносу катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематография департаменти кабарлады. Фестиваль Везуль шаарында 7-февралдан тартып 14-февралга чейин болот.  Анда Азия мамлекеттеринен 90 кино көрсөтүлөт. Кыргызстандын атынан Адилет Каржоевдин “Дарыгер, рахмат” жана Мирлан Абдыкалыковдун «Сутак»  кинотасмалары катышат. Режиссёрлордун айтымына караганда тасмалар ийгиликтүү орундарга жетишип калышы мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/content622



Добавить комментарий