Путин президенттик шайлоого катышарын ноябрда жарыялайт

13 сентябрь 2017 11:39 446 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 

Владимир Путиндин президенттик кампаниясынын стратегиясы дээрлик иштелип бүттү жана эки этаптан турат. Бул тууралуу "Коммерсантъ" Кремлдеги булактарына таянып билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Биринчи этап ноябрга пландалган. Анын жүрүшүндө Владимир Путин шайлоого катыша турганын расмий түрдө жарыялайт. Басылманын өз булагы белгилегендей, бул жарандар менен маектешүү түрүндө өтөт. Күзүндө Орусия президенти бир нече иш-чараларга катышат. Кремль 3-октябрда саясий репрессиялардын курмандыктарына арналган эстеликти ачууга даярдык көрүүдө. Мындан тышкары 4-ноябрда Элдик биримдик күнү жана 7-ноябрда революциянын 100 жылдыгы белгиленет.

Экинчи этапта Путин кыска убакытта кол чогултуу менен өзүн өзү юридикалык жактан президенттикке талапкер катары жылдырат. Кремль 2018-жылдагы шайлоодо президенттин ишенимдүү өкүлү боло турган кишилердин тизмесин түзүү өтүнүчү менен жергиликтүү бийликтерге кайрылды. Тизмеге жаңы адамдарды жана жаштарды кошуу сунушу берилген.

Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылы 18-мартта өтөт. Владимир Путин азырынча кийинки мөөнөткө барарын расмий түрдө жарыялай элек. "Левада-борбордун" июлдагы сурамжылоолоруна караганда, орусиядыктардын 66% Путинди келерки президенттик постто көргүлөрү келет.

 

  

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6211



Добавить комментарий