Президент Мирбек Касымкуловду кабыл алды

24 январь 2017 13:12 419 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Алмазбек Атамбаев  чек ара кызматынын башчысы  Мирбек Касымкуловду кабыл алды. Жолугушууда Мамлекет башчысына мамлекеттик чек арадагы жалпы абал, ошондой эле өлкөнүн тышкы чектерин бекемдөө чаралары тууралу маалымат берилди. Мирбек Касымкулов чек ара бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларынын күжүрмөн даярдыгын көтөрүү иштери, чек ара инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүү жана мамлекеттик чек арадагы өткөрмө бекеттеринин ишин жакшыртуу пландары жөнүндө Президентке баяндама жасады. Президент Алмазбек Атамбаев чек ара коопсуздугун мындан ары бекемдөө, өлкө чек арасынын кол тийгистигин камсыздоо боюнча милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн чек ара бөлүктөрүнүн мобилдүүлүгүн арттыруунун маанисин баса белгиледи

Ссылка: https://barometr.kg/content621



Добавить комментарий