Премьер-министр өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү
Премьер-министр Сапар Исаков кечээ, 12-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
Жолугушууда премьер-министр Сапар Исаков экономика тармагындагы даярдык графигин сактоо жана калктын 2017-2018-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык көрүүсүнө көңүл бурууну милдеттендирди.
«Ар бир аймакта түзүлгөн облустук штабдар калктын жана бюджеттик уюмдардын өз убагында көмүр менен камсыз болушуна өзгөчө көңүл бурушу керек. Аны менен бирге көмүр базалары мурдагы нөөмөт боюнча, көмүрдүн баасын көтөрбөстөн иш алып барышы керек. Көмүрдүн баасынын көтөрүлүшү боюнча чагымчылдыкка жол берилиши мүмкүн эмес», – деди Сапар Исаков.
Ссылка: https://barometr.kg/content6206
Добавить комментарий ×