Текебаевдин кызы Бишкек шаардык сотуна атасы менен көрүшүүгө уруксат сурап кайрылды
Парламенттин “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кызы Бишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина Воронцовага социалдык түйүндөр аркылуу уруксат сурап кайрылды.
Айданек Текебаева өзүнүн кайрылуусунда атасынын туугандары менен көрүшүүсүнө уруксат бере турган документке эртерээк мөөр басып берүүнү сурады.
Белгилей кетсек, Текебаев менен Чотоновдун жакындары алардын жолугушууларына уруксат беришпей жатканын айтып даттанышкан.
Кечээ, Бишкек шаардык сотунун судьясы Адис Момуналиев тиешелүу документке кол койгон, ал эми ага Воронцова макулдугун бериши керек.
Бирок аталган партиянын мүчөлөрүнүн маалыматына караганда, Воронцова документти кароону кийинки дүйшөмбүгө калтырган.
Текебаевдин кызы Кытайга окуусуна кеткенге чейин атасы менен көрүшпөй каламбы деп тынчсызданууда.
"Ирина Воронцова, сиздин балдарыңыз барбы? Жолдошуңуз барбы? Мен жекшемби күнү учуп кетип жатам атам менен көрүшөйүн дегем. Эгер мени окуп жатсаңыз абдан суранам мөөр басып бериңизчи”,-деп жазды Текебаевдин кызы.
Ссылка: https://barometr.kg/content6203
Добавить комментарий ×