13-15-сентябрда Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы
Бүгүн, 13-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондорунда бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7...+12, күндүз +22...+27; Талас аймагында түнкүсүн +6...+11, күндүз +21...+26; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +24...+29; Баткен дубанында түнкүсүн +11...+16, күндүз +23...+28; Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +18...+23; Нарын облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +20...+25;
Бишкек шаарында 13-15-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12, күндүз +24...+26 градус ысык болот.
Ал эми 14-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир тоолуу райондорунда бир аз жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. 15-сентябрда жаан-чачын болбойт.
Ссылка: https://barometr.kg/content6202
Добавить комментарий ×