Сүйүүсүн өзгөчө билдирүү. Ошто 18 жаштагы жигит кызды бычак көтөрүп алып кубалады
Бөлүшүү:
Ошто 18 жаштагы жигит 17 жаштагы кызды бычак көтөрүп алып кубалады. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул милиция башкармалыгынан кабарлашты.
Окуя 11-сентябрда саат 22.30да Раззаков көчөсүндө болгон.
Мектепте окуган кыздын айтымында жигит ага өзүнүн сүйүүсүн билдирген.
“Бизди 31-августта курбу кызым тааныштырган. Мен кечээ аны кокустан көчөдөн кездештирип калдым. Ал мени бычак алып кубалады. Мен аябай корктум. Ал мындан кийин дагы ушундай аракеттерге барышы мүмкүн, ошондуктан жоопкерчиликке тартууну өтүнөм”,-деп айткан кыз.
Милициялар жигиттин колундагы бычагын алышты. Учурда тергөө иштери башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/content6201
Добавить комментарий ×