Футбол: Кыргызстан Макао курама командалары беттешет
Азия Кубогунун тандап алуу беттештеринде Кыргызстан курамасы "А" тайпасына туш болду. Кечээ Абу-Даби шаарында чүчү кулак ташталып, 24 команда 6 тайпага бөлүндү. Анын жыйынтыгында, курамабыздын атаандаштары Индия, Мьянма жана Макао командалары болду. Кошумчалай кетсек, бул беттештерде тайпадан 1-2-орунду алган курама командалар 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган финалдык баскычка жолдомо алышат.
Тайпалардагы беттеше турган курамалар:
"А": Кыргызстан, Индия, Мьянма, Макао.
"В": Түндүк Корея, Гонконг, Ливан, Малайзия.
"С": Иордания, Вьетнам, Ооганстан, Камбоджа.
"D": Оман, Палестина, Мальдив аралдары, Бутан.
"Е": Бахрейн, Түркмөнстан, Тайбэй, Сингапур.
"F": Филиппин аралдары, Тажикстан, Йемен, Непал.
Ссылка: https://barometr.kg/content620
Добавить комментарий ×