Бишкекте 20 жаштагы студент кыз жоголду, түн ичинде үйдөн чыгып кетип кайтып келген эмес
Бишкекте кечээ, 12-сентябрда эл аралык “Ататүрк Ала-Тоо” университетинин жыйырма жаштагы студенти Туратбек кызы Дильфуза жоголду. Бул тууралуу социалдык түйүндөрдө анын туугандары кабарлашууда.
Алардын айтымында, Дильфуза болжол менен түнкү 03:15те Бишкектеги Панфилов 188/2 дарегинде жайгашкан үйдөн чыгып кеткен.
Кетип жатканын эч кимге айткан эмес, баары уктап жатканда кеткен. 06.00да турган туугандары аны эртең менен издеп таппай калышкан, телефону өчүрүлгөн, акыркы 2 күндө университетке барбаганы белгилүү болгон.
Кыздын бою 170 см, кызыл кофта, кара пиджак, кара шым кийип жүргөн жанына фотоаппарат алып кеткен.
Туугандары кыз тууралуу маалымат билгендер төмөнкү телефондорго: (559) 22 25 55 - агасы Эртай, 0(550) 87 96 81 - атасы Турат, апасы Ширин, 0(552) 30 10 44 - агасы Шерболот, 102 – милициянын нөөмөт бөлүмүнө байланышууну өтүнүштү.
Дильфуза жогоруда аталган окуу жайда 2-курста эл аралык мамилелер факультетинде окуйт.
Агасынан айтымында, абдан ачык-айрым, позитивдүү кыз жана университеттин активисткасы, эң мыкты бааларга окуйт.
"Ал эч качан кечинде көчөгө чыкчу эмес. Дайыма окуулар, тренигдер деп жүрчү. Мындай болуусуна эмне себеп болгонун түшүнбөй жатабыз. Аман-эсен кайтып келишин тилейбиз”,-деп айтты Дилфузанын агасы.
Ссылка: https://barometr.kg/content6199
Добавить комментарий ×