Сапар Исаков 2017-жылдагы республикалык бюджетти толук аткарууну тапшырды

13 сентябрь 2017 10:16 421 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков 2017-жылдын январь-август айларында республикалык бюджеттин аткарылышынын жыйынтыктары  боюнча жыйын өткөрдү.Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Финансы министри Адылбек Касымалиев маалымдагандай, 2017-жылдын январь-август айларында респуликалык бюджеттин жалпы киреше көлөмү 73 251,5 млн. сомду түзүп 100,1% жетти.

«2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бюджеттин киреше бөлүгү 10 526,1 млн. сомго көп болду. Салыктын түшүүсү 56 688,8 млн. сомду түзүп, 56 731,2 млн. сом болуп жалпы план 99,9% аткарылды. Былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу кирешенин өсүшү акчалай алганда 6 198,1 млн. сом болду. Кирешеде салыктан түшкөн каражаттын пайызы 77,4% жетти. Тактап айтканда салык кызматынан түшкөн каражат 35 744,7 млн. сомго жетип, 99,5% аткарылды. Бажы кызматы боюнча киреше 20 944,1 млн. сом болуп 100,7% ашты. Республикалык бюджетке түшкөн социалдык керектөөлөргө чегерилген камсыздандыруу суммасы 1 678,1 млн. сом болуп 123,6% түздү», – деди Финансы министри Адылбек Касымалиев.

Жыйындын соңунда Премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттик органдар тарабынан чыгымдарды оптимизациялоо менен бирге 2017-жылдагы республикалык бюджетти толук аткарууну тапшырды.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6197



Добавить комментарий