Apple компаниясы үч жаңы «айфондун» бет ачарын өткөрдү

13 сентябрь 2017 10:08 493 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Америкалык Apple компаниясы 12-сентябрда “айфон” ысымы менен таанымал үч смартфонунун бет ачарын өткөрдү. Компания жетекчиси Тим Кук iPhone X моделин “чоң секирик” деп атады.Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

iPhone X жеңил, ичке жана ачык түстүү. Ал 999 доллар турат.

iPhone 8 менен iPhone 8 Plus – 699 жана 799 долларга бааланууда.

Смартфондун үч түрү тең зымсыз дүрмөттөлөт.

«Онунчу» модель сатыкка 3-ноябрда чыгат, калган экөө – ушул айдын соңунда дүкөн текчелеринен орун алат.

Мындан тышкары Apple компаниясынын бет ачарында “акылдуу сааттардын” жана телевизор үчүн видеостримингдин жакшыртылган түрү тааныштырылды.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6195



Добавить комментарий