Азимжан Аскаровго каратат чыгарылган мурдагы сот өкүмү күчүндө калды
Бөлүшүү:
Чүй облустук соту укук коргоочу Азиммжан Аскаровду күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча Базар-Коргон райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Мындай чечимди Чүй облустук сотунун коллегиясы кабыл алды. Анда судьялар бул иш боюнча күбөлөрдүн, жабырлануучулардын көрсөтмөлөрү ырасталып, Аскаровдун күнөөсү аныкталганын белгилешти. 66 жаштагы укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуясында “улут аралык кастыкты козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан” деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин соттолгон.
Ссылка: https://barometr.kg/content619
Добавить комментарий ×