Философия илимдеринин доктору Кусеин Исаев: Мен Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин бир нече себеп менен колдоп атам

12 сентябрь 2017 23:56 465 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мен Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин бир нече себеп менен колдоп атам, деп билдирди экономист, социолог, философия илимдеринин доктору Кусеин Исаев Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына талапкер Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көл районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

“Мен 45тен ашуун китептердин, 1000ден ашуун макалалардын авторумун. Булардын баары кыргыз ким болгон, бүгүн ким жана келечекте кандай болот дегенге арнап жазылган. Мен эмне себептен Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп жатам? Мунун бир нече себеби бар. Биринчиден, Сооронбай Шарипович накта тоолук каракулжалыктардан. Экинчиден, ал көп балалуу үй-бүлөдө өсүп эр жетилген, кадырлуу атанын татыктуу уулу. Атасы Шарип аксакал балдарына туура тарбия берүүгө абдан көп көңүл бурган, ар бирине жакшы билим берүүгө умтулган. Биз, көлдүктөр, Кыргызстандын президенти болууга татыктуу, көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан, эң сонун билим алган накта тоолук жигит Сооронбай Жээнбековду колдошубуз керек”,  - деген Кусеин Исаев жердештерин сыймыктануу жана эч күмөн санабастан Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө чакырып кетти.

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү. 

Нускасы  1 даана. Чыгарылган күнү: 12.09.2017 ж.

Ссылка: https://barometr.kg/content6186



Добавить комментарий