Самаркандда түнкү клубдарда стриптиз бийлеген кыздар кармалды

12 сентябрь 2017 16:40 467 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Өзбекстан жаштар биримдигинин” активисттери укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен бирге Самарканддын түнкү клубдарында рейд өткөрүштү. Көңүл ачуу борборлорунда стриптиз бийлеген 11 кыз кармалды. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Би-Би-Синин өзбек кызматы жергиликтүү басылмаларга таянып маалымдагандай, Самарканддагы жети түнкү клубда ар кыл мыйзам бузуулар табылган.

«Маселен, «Jeyran» түнкү клубу жеңил ойлуу жана өспүрүм кыздардын кызматтарынан колдонуп турган. Жарым жылаңач кийимчен кыздар кардарлар алдында уятсыз бийлерди аткарышкан», – деп жазган жергиликтүү басылмалар.

Кармалган кыздардын бири үй-бүлөсүндөгү оор каржылык абалга байланыштуу күн сайын стриптиз бийлөөгө аргасыз болгонун айткан.

«Бул иш менен бир жылдан бери алектенем. Балам бар. Апам катуу ооруп жатат, эч жерде иштебейт. Стриптиз бийлөө менен бир түндө 40-50 миң сум (5 АКШ долларынын тегереги) табам. Билимим жок, башка иш менен алектене албайм», – деген 20 жаштагы бийчи кыз.

Рейд учурунда кармалган 11 кыз милиция бөлүмүнө жеткирилди. Самаркандда түнкү клубдардын көбү сексуалдык кызмат көрсөтүүчү жайларга айланганы айтылып келет.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6178



Добавить комментарий