Улуттук банктын башчысынын креслосун Кубанычбек Кулматов ээлеши ыктымал
Бөлүшүү:
Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет Кубанычбек Кулматовду Улуттук Банктын башчысынын талапкерлигине колдоду. Бул тууралуу чечимди комитет жыйыны кечээ, 11-сентябрда кабыл алды.
Эгерде депутаттардын көпчүлүгү Кулматовго добуш ыйгарса, анда ал Улуттук банктын төрагасы болуп калышы мүмкүн.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Толкунбек Абдыгулов ээлеп келген, ал Жогорку Кеңеш тарабынан 25-августта өлкөнүн биринчи-вице-прмьер-министри болуп шайланды.
Кубанычбек Кулматов учурда Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондун жетектеп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content6175
Добавить комментарий ×