Казанда белгисиз адамдар Кыргызстанда туулган 23 жаштагы жигитти өлтүрүп кетишти

12 сентябрь 2017 15:14 471 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казанда белгисиз адамдар Кыргызстанда туулган 23 жаштагы жигитти өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Россиянын ЖМКлары кабарлашты. 

Алар берген кабарга таянсак, жигиттин канга боелгон сөөгүн өтүп бара жаткан адам бадалдардын арасынан көрүп калган. Кылмыш болгон жерден талкаланган бөтөлкө табылды, киши өлтүргөн адам аны колдонгон болуусу ыктымал.  

Сөөк бадалдардын арасында 15 сааттай жатканы аныкталды.

Учурда полиция жагдайды иликтеп жатат.

  

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6163



Добавить комментарий