Россиянын телеканалынын эфиринде кыргыздарды аборигендер деп аташты. Улуттуу шылдыңдоого нааразы болгондор көп

12 сентябрь 2017 10:00 1438 Barometr
Бөлүшүү:
ok

  Россиянын телеканалдарынын биринде кыргыздарды аборигендер деп аташты. Бул тууралуу социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын бири кабарлады.

 Максат Чакиев жарыялаган видео сюжеттеги титрде кыргыздын улуттук оюндары тууралуу : “Аборигендердин майрамы” деп жазылган жазуу көрүнүп турат.

 Кыргыз сегментинин колдонуучулары муну улутту кемсинтүү катары кабыл алышууда жана телеканалдын жетекчилигинен кечирим суроону талап кылышууда.

 Колдонуучунун айтымында, бул видеосюжетти "Мир" телеканалынын эфиринен беришкен.

 Белгилей кетсек, "Мир" телеканалынын сайтында кыргыздарды аборигендер деп атаган титри бар видеосюжет табылган жок.

 Абориге́ндер (лат. Aborigines от ab origine, башынан бери) —  цивилизациядан алыс турган жергиликтүү уруулардын жашоочулары. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6144



Добавить комментарий