Каттуу келген куюн 16 адамдын өмүрүн алып кетти

23 январь 2017 16:24 451 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШнын түштүгүндөгү куюндун кесепетинен 16 киши өмүрүнөн ажырап, 50дөн ашыгы жарадар болду. Бул тууралуу ABC News телеканалы билдирди.

“ртен менен катталган катуу куюндун кесепетинен кеминде эле Джорджи штатында 12 киши, Миссисипи штатында 4 киши каза болду. Белгилүү болгондой, шамал өтө катуу болгондуктан үйлөр кыйрап, столболор кулаган. Андан тышкары электр өткөрүү чубалгаларына дагы зыян келтирилген. Азырынча синоптиктер көңүл жубатаарлык маалымат берише элек. Бирок, жакын арада Миссисипиде, Флоридде жана Алабамада дагы катуу шамалдын кайталанышы мүмкүн экендигин эскертишүүдө. Аба-ырайы өзгөрүп, жамгыр менен кошо мөндүр жаашы күтүлүүдө дещет. Анда шамалдын ылдамдыгы саатына 70 км жетип жаан, мөндүр жаашы ыктымал экендиги маалымат кызматтарында жазылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content614



Добавить комментарий