Автотранспортчулардын Түркия менен Германияга 407 миллион сомдук карызын жоюу сунушу комитетте талкууланды

23 январь 2017 16:05 524 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети кыргыз транспорт ишканаларынын Түркия менен Германияга 407 млн сом өлчөмүндөгү насыялык карызын жоюуга багытталган «Кыргыз Республикасынын автотранспорт ишканаларынын чет өлкөлүк товардык кредиттер боюнча карызын реструктуралаштыруу жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.  Демилгечи – депутат Иса Өмүркулов. Демилгечинин айтымында, Кыргызстандын транспорт ишканаларынын Түркиянын Экспорттук-импорттук банкы боюнча карызы – 235 млн 290 миӊ сом, ал эми Дүйнөлүк жана Германиянын Реконструкциялоо жана өнүктүрүү боюнча карызы – 172 млн 659 миӊ сом. «1995-1996-жылдары «Манас»-1000 ишчарасына келген меймандар менен делегацияларды тейлөө максатында, «Мерседес-Бенс» үлгүсүндөгү 14 автобус менен алардын тетиктери, андан тышкары, 40 «Мицубиси» жана «Икарус» үлгүсүндөгү автобустар менен алардын текетиктери да алынып, алар Транспорт министрлигине караштуу ишканаларга берилген», - деди ал.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content613



Добавить комментарий