Бири-бирин бекер карашпаптыр. Исаев менен Бабанов кайрадан бирге, бирок партиялары бирикпейт
"Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Канат Исаев Barometr.kgге эмне үчүн ал президентикке талапкер болуп жаткан Өмүрбек Бабановду колдоо чечимин кабыл алганын айтты.
Ал Кыргызстанда жүрүп жатан реформаларды Бабанов гана ишке ашыра аларына ишенет.
Исаев "Кыргызстан" жана “Республика” партияларынын биригүүсү тууралуу сөз болбогонун түшүндүрдү.
“Мен шайлоого катышпайм, бирок партиянын ичинде өз ара сүйлөшүп саясий кеңештин мүчөлөрү президентикке талапкер болуп жаткан тигил же бул талапкерди колдоону өздөрү чечет деген чечим кабыл алганбыз. Ошондуктан ар ким өзүнчө чечим кабыл алууга укуктуу”,-деп түшүндүрдү Исаев.
Эскерте кетсек, буга чейин 1-июлда соцтүйүндөрдө "Республика Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бааов менен “Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Канат Исаевдин сүрөтү кызуу талкуу жараткан.
Эки саясатчы элдик курултайда бирге отурган кезде сүрөткө тартып алышкан. Бул фото катуу дисскуссияны пайда кылып эки саясатчы биригет деген бүтүм да чыгарып жиберишкен.
Белгилей кетсек, кечээ 10-сентябрда Бабанов программасын тааныштырды. Канат Исаев аны менен катарлаш жүрдү.
Ссылка: https://barometr.kg/content6120
Добавить комментарий ×