Окуучулардын ата-энелери мугалимди колдоп, директордун кызматтан кетүүсүн талап кылышууда

11 сентябрь 2017 13:49 354 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Талас областынын Бакай-Ата районундагы Урмарал орто мектебинин окуучуларынын ат-энелери окуу мекемесинин директору Дамир Сооронкуловду кызматтан алууну талап кылышууда. Бул тууралуу Barometr.kg.ге ата-энелер өздөрү кабарлашты. 

Ата-энелер Сооронкулов башталгыч мектептин мугалими, билим берүүнүн мыктысы, мектепте 40 жыл эмгектенген А. Жны басмырлады деп нааразы болушууда.

“Биз бир аз мурда мектептин директору биздин сүйүктүү мугалимибизди чакыртып алып, анын классын алып башка жаңы кадрларга өткөрүп берерин айтканын билдик. Ага болгону беш саат сабак беришкен. Беш саат иштегенге кантип болсун. Жана жаш, тажырыйбасыз мугалимдерди окутсун деп талап койгон. Болбосо иштен кетесиң дешкен. Ата-энелер директордун өзүм билемдигине нааразы болушууда жана министрликтен чара көрүүнү сурашат. Балдар дагы тынчсызданып жатышат. Мындай 40 жыл иштеген адамдарды куугунтуктабай сыйлык бериш керек”,-деп айтышты нааразы болгон ата-энелер.

 Ата-энелер райондук билим берүү борборуна кайрылганда бөлүм башчы Марат Дооронбеков "Билгенинерди кылып алгыла!" деп койгонун дагы кошумчалашты.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6117



Добавить комментарий