БШК: Президенттик шайлоону өткөрүүгө 600 млн сомдон ашык каражат салынды
Бөлүшүү:
Кыргызстанда алдыда боло турган шайлоону өткөрүш үчүн республикалык бюджеттен 600 млн сомдон ашык каражат алынды. Бул тууралуу Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Кыргызстандын президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында билдирди.
“Президенттик шайлоого 671 млн 502 миң сом бөлүнгөн”,-деп айтты ал.
БШКнын башчысы белгилегендей, экинчи тур болуп кала турган болсо 132 млн 672 миң сом көлөмүндө каражат каралган.
Президенттик шайлоо ушул жылдын 15-октябрына белгиленген.
Ссылка: https://barometr.kg/content6114
Добавить комментарий ×