Атамбаев: Кыргызстандын президентин шайлоо таза жана ачык-айкын болушу керек

11 сентябрь 2017 12:05 362 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Кыргызстанда өткөрүлө турган президенттик шайлоо ачык жана таза өтүшү керек. Бул тууралуу мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-сентябрда «Ала–Арча»  мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президентин шайлоого даярдык жана шайлоо өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү кызматтар келе жаткан шайлоодо ачык-айкындуулукту камсыздоого тийиш.

  “Буга чейин ЖМКларда өткөн парламенттин шайлоого карата нааразылык билдирип келишкен, бирок жыйынтыкты эл чыгарышы керек”,-деп айтты ал.

 Белгилей кетсек, мамлекеттик «Ала–Арча» резиденциясында Кыргызстандын президентин шайлоого даярдык жана шайлоо өткөрүү боюнча ресбуликалык штабдын жыйыны өтүп жатат.

 Президенттик шайлоо ушул жылдын 15-октябрына белгиленген.

 

  

Ссылка: https://barometr.kg/content6107



Добавить комментарий