Социалдык түйүндөргө жогорку класста окугандар окуучу балдарды тепкилеген видео жарыяланды

11 сентябрь 2017 11:52 543 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Социалдык  түйүндөргө  жогорку класста окуган балдар окуучуларды тепкилеген видео жарыяланды. 

Видеодон жогорку класстын балдары окуучуларды тепкилеп көңүл ачып жатышканын көрүүгө болот. 10-класста окуган балдар эки тарапка тизилип алышат, бул учурда балдар кезек менен аталган “коридордон” өтүшү керек,  өтүп бараткан маалда алар эки тараптан баланы тепкиге алышат.Чуркап өтүп бара жаткандар кулап калса жогорку класста окугандар буга аябай күлүшөт.

 Колдонуучулар мектеп окуучуларынын мындай кылыктарына нааразы болуп мектеп жетекчилигин жазалоону жана тартип бузгандарды жоопкерчиликке тартууну сунушташууда.

 Колдонуучунун пикиринде коридор оюну дедовщинанын жаңы түрү болуп саналат, жогорку класста окугандар акча алып келбеген балдарды ушундай жол менен кыйнашат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6104



Добавить комментарий