Сапар Исаков өзүнүн кортежи светофордон жөө жүргүнчүнү өткөрбөй койгонун билет. Жаза берүүнү убада кылды

11 сентябрь 2017 10:46 400 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Гульнура Торалиева  социалдык түйүндүн колдонуучусунун премьер-министр Сапар Исаковдун айдоочусу жол кыймылынын эрежесин бузганы тууралуу маалыматына комментарий берди. 

Торалиева өкмөт башчы окуя тууралуу биле турганын айтты.

“Премьер-министрдин кортежи жол эрежесин бузаганы боюнча  Сапар Исаков инцидент боюнча биле турганын жана коргоо кызматкерине чара колдонорун, социалдык түйүндүн колдонуучусуна эреже бузаганы тууралуу активдүү маалымат бергенине ыраазычылык билдирерин маалымдайм.

“Баары кызматына жана рангына карабай жол кыймылынын эрежелерин сакташы керек, ал эми аны бузган учурда тиешелүү жоппкерчиликти тартыш керек”,-деп цитата келтирген Исаковдун сөзүн Торалиева.

 Белгилей кетсек, буга чейин колдонуучу Искен Афинджанов өзүнүн баракчасына өкмөт башчысынын кортежинин айдоочусу жол кыймылынын эрежесин бузуп жөө жүргүнчүнү өткөрбөй койгонун жазган. 

Ссылка: https://barometr.kg/content6096



Добавить комментарий