Анкарада акыл-эсин жоготуп койгон кыргызстандык кызды бүгүн Бишкекке алып келишет

8 сентябрь 2017 11:55 1155 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын Анкара шаарында акыл-эсин жоготуп көчөдө жүргөн кыз Кыргызстандын Түркиядагы элчилигин көмөгү менен медициналдык жана психологиялык жардам алды. Аны Анкаранын мамлекеттик клиникасынан дарылатышты.

 Мындан тышкары элчилик Түркиядагы кыргыз диаспорасынын колдоосу менен кызды Кыргызстанга кайтаруу иштерин уюштурду. Бүгүн кыз Анкарадан Бишкекке учат.

 Элчилик ошондой эле кыздын атасы менен байланышып, аны аэропорттон тосуп алууну уюштурду.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6016



Добавить комментарий